• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Сутка ичинде "112" номерине коронавируска байланыштуу 140 чалуу түштү

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 405 чалуу болсо, анын ичинен 140 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

Алсак, 2020-жылдын 27-июль күнү өлкө боюнча 57 750 погондук метр унаа жолдор, 25 450 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. ӨКМ тарабынан жалпы 2 миң 956 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик тарабынан 320 кызматкер жана 30 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий