• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг күтүлүп жаткан суукка байланыштуу керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Энергохолдингдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Жыл сайын энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана модернизациялоо, көмөк чордондорду куруу, жабдууларды оңдоо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук борборлоруна отун сатып алуу жүргүзүлөт.

Өлкө боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөкчордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Өлкөнүн бардык аймактарында абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу оперативдүү персоналдын нөөмөтү күчөтүлгөн тартипте ишин алып барууда. Зарыл болгон авариялык материалдардын запасы даярдалып, Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бул чаралардын баары электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоого багытталган.

Ошол эле учурда энергетика ишканалары кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылтуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылчылыгы тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий