• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Юлий Худяковдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Россия Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жамаатына Юлий Худяковдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Советтик жана орусиялык көрүнүктүү археолог жана курал таануучу, тарых илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун башкы илимий кызматкери, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору Юлий Сергеевич Худяковдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Юлий Сергеевич Худяков Сибирдин, Борбордук жана Ички Азиянын кең мейкиндиктеринин археологиясынын кыргыз таануу жана курал-жарак изилдөө аспектилерин жаңы деңгээлге көтөргөн жалпы таанылган археолог жана тарыхчы болгон. Постсоветтик кыргыздардын окуу китептерин, окуу куралдарын, монографияларын анын этнологиялык концепцияларысыз элестетүү мүмкүн эмес.

Юлий Сергеевич Худяковдун этнологиялык корутундулары азыркы кыргыз тарыхнаамасында расмий түрдө таанылган. Анын фундаменталдык илимий жана илимий-популярдуу макалалары, эмгектери көп учурда кыргыз тилине которулат.

Анын сиңирген эмгеги бааланып, көптөгөн сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендери, ага Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстан Илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз Республикасынын Чыгыш тилдери жана маданияты институтунун ардактуу профессору, “Кыргыз Тарыхы Коому” эл аралык коомдук уюмунун ардактуу мүчөсү наамдары берилген, академик А.Алтымышбаев жана академик Асанбек Табалдиев атындагы сыйлыгынын лауреаты болгон.

Юлий Сергеевич Худяковдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп айтылат Мамлекеттик катчынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий