• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

«Дилгирим» тиркемесинин жакшы төрт артыкчылыгы

Коом 0


Кыргызстанда угуусу жабыркаган балдар үчүн эки тилдүү «Дилгирим» тиркемеси иштелип чыккан, аны Google Play жана App Store кызматынан жүктөп алууга болот. Ал эмнеден турат? Бул 1-класс үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү киптече. Анын прототиби “Звездочка” окуу китеби болуп саналат, ал китеп боюнча ушул тапта республиканын адистештирилген мектептериндеги балдар билим алышат. «Дилгирим»: мектеп, биздин оюнчуктарыбыз, жаныбарлар, жашылча жана жемиштер деп аталган беш бөлүмдөн турат жана өзүнө аталган темалар боюнча дактиль менен коштолгон флеш-карталарды камтыйт. Анда ошондой эле интерактивдүү оюндар бар, ал эми угуусу начар балдардын калган угуусун кошуу үчүн сөздөрдү үн менен коштоо ишке ашырылган. Бул тиркеменин артыкчылыктарды эмнеде?

  1. Эки тилдүү

«Дилгирим» тиркемеси кыргыз жана орус - эки тилде иштелип чыккан. Бул биринчи жана азырынча жалгыз эки тилдүү тиркеме. Буга чейин окутуу орус тилинде гана жүргүзүлүп келген, анткени бүт постсоветтик чөлкөмдө орус ишара тили, орус дактили жана орус тилиндеги окуу китептери гана колдонулчу. Бирок Кыргызстанда угуусу жабыркаган балдардын көпчүлүгү кыргыз улутундагылар, ал эми эне тилиндеги сөздөрдү билбегендик балдарды үй-бүлөсүнөн алыстатат. Эми болсо ушул тиркеменин жардамы менен пикир алышуудагы коммуникациялык тоскоолдуктарды эрте баскычында жоюуга болот.

2. Жеткиликтүү жана акысыз

«Дилгрим» телефону бар кайсы гана болбосун кызыкдар адамга жеткиликтүү. Аны Google Play жана App Store кызматтарынан көчүрүп алууга болот. Анын үстүнө бул тиркеме дээрлик акысыз.

  1. Оффлайн иштейт

«Дилгиримдин» иштеши үчүн интернеттин болушу талап кылынбайт. Аны болгону бир жолу телефонго жүктөп алуу аркылуу, бул тиркеме боюнча кайсы гана убакта болбосун оффлайн режиминде үйрөнүүгө болот. Өзгөчө бул артыкчылык интернет дайыма эле жеткиликтүү боло бербеген аймактардын жашоочулары үчүн актуалдуу.

4.Кызыктуу

Тиркеме балдардын кызыгууларын пайда кылуучу, эрктүү жана эрксизден көңүл бурууну жогорулатуучу, ошондой эле ар бир теманы өздөштүрүүнүн деңгээлин текшерүүгө жардам берүүчү интерактивдүү оюндарды камтыйт. Оюн формасында берилген тапшырмалар окуп-үйрөнүү убактысын кыскартат жана балдардын ден соолугунун ресурстарын бошотот. Ошентип окуу оюнга айланат, анын жардамы менен балдар абдан кызыгуу менен окушат.

Маалымат үчүн:

«Дилгирим» КРдагы БУУӨПтүн колдоосу астында «Technoland» Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана “Inno4KG ачык инновацияларына чакырык” программасы боюнча ишке ашырылган “Угуусу жабыркаган балдарды санариптик окутуу системаларына тартуу” долбоорунун уландысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий