• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Терс айылынын тургуну 2010-жылы туулган Э.Н. аттуу эркек бала Желе-Терек тилкесинде жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Кечээ,14-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен 11 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 3 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий