• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек жана соцөнүгүү министрлиги 32 млн сомго майып арабаларды сатып алат

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн майып арабаларды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында айтылгандай, пландалган сумма 32 млн сомду түзөт. Конкурстук билдирүүлөрдү кабыл алуу 6-апрелге чейин уланат.

1-лот - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 30 кг чейин майып арабаларды сатып алуу – 15 млн сом,

2-лот - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 60 кг чейин майып арабаларды сатып алуу – 17 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий