• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бажычылар 26 тоннага жакын жезди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бажычылар 26 тоннага жакын жезди мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт койду

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, бажычылар ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө, Т.А.А. аттуу кыргыз башкаруусундагы Volvo FH500 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерүүдө жалпы салмагы 25 941 кг түзгөн жез табылган. Товар Өзбекстандан контрабандалык жол менен алынып келе жаткан. Жүк кармалып, убактылуу сактоочу кампага киргизилген. Товардын жалпы баасы КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусу боюнча 14 млн 267 миң 550 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млн 546 миң 758 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий