• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бажычылар аткезчилик жол менен ташылып келген DAF унаасын кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген DAF унаасын кармашты.

Бажы кызматынан билдиришкендей, "Нарын" бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген DAF XF460 үлгүсүндөгү автоунааны кармашты.

Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 1 млн 519 миң 83 сомду түзөт.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий