• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Абакка уюлдук телефондорду шыпыргыга жашырып киргизүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Аялдардын абагына шыпыргыга жашырылган уюлдук телефондорду алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Г. аттуу жаран Степное айылында жайгашкан №2 түзөтүү мекемесине шыпыргыга 4 уюлдук телефонду жашырып киргизүүгө аракет кылган.

Белгилей кетсек, ЖАК объектилеринде мобилдик байланыштар тыюу салынган буюмдардын катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий