Элчи Карагулов Кувейттин Улуттук Жыйынынын төрагасы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 22-декабрда Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Улуттук Жыйынынын төрагасы Ахмад Абделазиз Ал-Саадун менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу таанышуу жана КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н.Шакиевдин катын тапшыруу максатында өттү.

Элчи А.Карагулов А.Ал-Саадунду Кувейттин Улуттук Жыйынынын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий жараяндар жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу айтып берип, ошондой эле элчиликтин кыргыз-кувейт мамилелеринин ар кыл чөйрөлөрүндөгү жетишкендиктери тууралуу баяндама берди.

Эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Өз учурунда, Ахмад Ал-Саадун ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, анын ичинен эки өлкөнүн депутаттарынын ортосундагы Достук топтору аркылуу иш-сапарлар менен алмашууга кызыкдарлыгын белгиледи.

Ошондой эле тараптардын саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык багыттардагы алакаларын өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин кубаттап, өзүнүн жеке салымын кошууга даярдагын тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий