• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бажычылар Чек ара кызматына жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которду

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматына көмөк көрсөтүү иретинде депозиттик эсебине 736 миң сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын которду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу жардам көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, Бажы кызматынын ардагерлер биримдиги тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарына 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий