Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери унааларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Б.К.В. аттуу кыргыз жараны 4 даана "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунааны мурда колдонулган кузовдорун «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча бажылык тариздөө жүргүзгөн.
Бирок, 4 кузовдун 3 кузову Казакстандын аймагынан ташылып келген унаа катары алгачкы каттоого алынган.
Чек ара кызматы тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, аталган автокаражаттар 2023-жылдын 1-январынан тартып азыркы мезгилге чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүнөн өткөн автокаражаттардын эсебинде катталган эмес.
Ички керектөө үчүн ташылып келинген унаанын кузовдору автотранспорт каражаты катары чогултулуп, бажылык тариздөөсүз алгачкы каттоого коюлганы аныкталган.
Ушуга байланыштуу Кыргызстанга келтирилген зыяндын суммасы эсептелген күнгө карата туумдарды кошкондо 8 млн 330 миң 973 сомду түздү.
Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий