• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытайдан Кыргызстан, Россияга контрабандалык жол менен ташылган электрондук тамекилер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кытайда чыгарылган электрондук тамекилерди Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип сатуу жана Россияга транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

2022-жылдын 21-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (“Опузалап талап кылуу”) фактысы боюнча чет элдик жарандан 50 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы менен укук коргоо органынын мурдагы кызматкерлери И.М.Н. жана чет мамлекеттин Э.Н.И. аттуу жараны кармалды.

Аталган адамдар тарабынан Кытайдан электрондук тамекилерди контрабандалык жол менен алып өтүү уюштурулгандыгы аныкталган. Ошол эле учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Жунхай” базарынан Кыргызстандын аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген. Жалпы 200 миң АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий