Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча биринчи отурум өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда шаардагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча иштин биринчи отуруму өттү. Сотто судья Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

Отурумда судья билдиргендей, мамлекеттик айыптоочулар өзүнүн апелляциялык көрсөтмөсүндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жазасын өзгөртүп, күчөтүлгөн режимде жазасын өтөсүн деген чечимди алып салуу жана баардык мүлкүнөн ажыратууну суранышкан.

Айбек Калиевди 17 жылга камакка алууну суранышкан.

Жантөрө Сатыбалдиевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл 3 айга эркинен ажыратууну, мүлкүнөн ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө 3 жылга чейин тыюу салуу жана баардык мамлекеттик сыйлыктарынан жана класстык чиндеринен ажыратууну сурашууда.

Прокурорлор Салайдин Авазовдун жазасын өзгөртүп, күчөтүлгөн режимде колонияда кармалсын деген чечимди алып салууну, баардык мүлкүнөн ажыратууну жана баардык мамлекеттик сыйлыктарынан жана класстык чиндеринен ажыратууну суранышкан.

Жолдошбек Назаровго карата прокурлор кошумча жазаны кабыл алып, ага 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салууну суранышкан.

Темирлан Бримкуловго кошумча жазаны кабыл алууну суранышкан. Аны 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу.

Ольга Лаврованы 7 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүнөн ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу, мамлекеттик сыйлыктардан, социалдык ардак грамоталардан жана класстык чиндеринен ажыратуу.

Прокурорлор Осмонбек Артыкбаевди атайын ардак наамынан, класстык чинден, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салууну сурашкан.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча кийинкидей өкүм чыгарган:

- мурдагы премьер-министр, ошол кездеги КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду 15 жылга кесүү. Андан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт.

- «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебейт;

- Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айыппул салынып, сот залынан бошотулду;

- «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштей албайт;

- «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, тергөө абагында отурган убакытты эске алуу менен сот залынан бошотулду;

- Мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий