• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бейруттагы жарылуудан Казакстандын консулу жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ливандын борбору Бейрут шаарынын деңиз портундагы жарылуудан Казакстандын бул өлкөдөгү консулу «жеңил жараат» алды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жарылуу болгон маалда иш күнү аяктап калгандыктан, элчиликтин башка кызматкерлери үйлөрүнө кетишкен. Жарылуудан элчиликтин имараты зыянга учураган.

4-августта болгон Бейруттагы катуу жарылууга дээрлик 3 миң тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Ливандын премьер-министри Хассан Диаб «Твиттердеги» баракчасына жазды. Ал селитра кампада алты жылдан бери сакталып турганын кошумчалады.

Ливандын LBC International телеканалы жарылуу кампадагы ширетүү иштери маалында болгонун билдирди. Маалыматка караганда, жумушчулар уурулардан кооптонуп, кампадагы кичинекей тешикти бүтөөгө аракет кылышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча жарылуудан кеминде 100 киши мерт болуп, төрт миңден ашыгы жаракат алды.

Пикир

Оставить комментарий