Бейшеналиев Балдар клиникалык тез жардам ооруканасын күтүүсүз текшерди

Ден соолук 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кезек күтүү боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда Бишкектеги Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкары текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, министр анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды.

Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезектер көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-сапардын негизги максаты башкаруучулук чечимдерди туура кабыл алуу үчүн калк жана медицина кызматкерлери менен баарлашуу экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий