• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жарандарга МИК аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу берилүүчү үйлөрдүн ачкычы үй ээлерине тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Маалыматка ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.

Бул долбоор министрлер кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Пикир

Оставить комментарий