• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бейшеналиев БУУнун кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жыйынына катышты

Ден соолук 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Башкы ассамблеясынын кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, анда 130дан ашык өлкөнүн премьер-министрлери, саламаттык сактоо министрлери жана башка жогорку кызмат адамдары билдирүү жасап, кургак учук менен күрөшүү боюнча өз өлкөлөрүнүн милдеттенмелерин дагы бир жолу ырасташты.

Министр Кыргызстандын кургак учук менен күрөшүүдөгү жетишкендиктери менен бөлүшүп, артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.

«Теңсиздик сапаттуу медициналык тейлөөгө жана медициналык тейлөөгө жетүүгө тоскоолдуктарды жаратып, кургак учуктун өз убагында диагностикасын жана дарылоону, айрыкча кирешеси төмөн жана ортодон төмөн өлкөлөрдө кыйындатат. Медициналык жардамга жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу кургак учукту жоюу боюнча биздин стратегиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат», - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр өз сөзүндө көп дарыга туруктуу кургак учуктун жайылышына тынчсыздануусун билдирип, дүйнөлүк коомчулукту жаңы дарыларга жана диагностикалык методдорго инвестиция салууга чакырды.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга 130дан ашуун өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий