• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бейшенбек Абдразаков: Парламент - бул акционердик коом, же жабык клуб эмес

Маек 0

Мурдагы депутат, I Элдик курултайдын төрагасынын милдетин аткаруучу Бейшенбек Абдразаков депутаттардын эл өкүлдөрүнүн (делегаттар) өлкөнүн саясий жашоосуна аралашуусун чектеп жаткан аракеттеринин себептери тууралуу айтып берди. Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө "Курултайдын" ыйгарым укуктарын кыскартуу көпчүлүк депутаттардын элдик бийлик жана демократиядан түшүнүгү кем экенидигин көрсөттү.

- Элдик курултайдын мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ортосундагы мамилелердин чыңалуусуна эмне себеп болду? Сурайын дегеним кимиси көбүрөөк керек жана маанилүү?

- Биринчиден, парламент менен Курултайдын аткара турган иштерине көңүл бурат элем. Биздин шайлоо системабыз каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор Жогорку Кеңештен эч качан мандат ала албай тургандай курулган. Демек, мыйзам чыгаруу бийлигинин 90 пайызын өтө бай адамдар түзөт. Эми жөнөкөй суроого жооп бериңиз – алар ал жерде кимдин кызыкчылыгын коргошот?

Курултайга келе турган болсок, андагы делегаттар жөнөкөй кызматкерлер, пенсионерлер, дарыгерлер жана мугалимдер, активисттер жана аксакалдардан куралган. Булар жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргой турган өкүлдөр. Ал эми Конституция боюнча өлкөдө бийлик элге таандык.

- Башкача айтканда, бул жагдайдын түпкүрундө баары бир элдин кызыкчылыгын коргой турган, кандайдыр бир ыйгарым укуктарга ээ болгон дагы бир институт саясий аренага чыгабы деп кооптонуу барбы? Депутаттарды эмне коркушат?

- Депутаттар ошол эле демократиянын принциптерине таянып, Курултайдын ыйгарым укуктарын кыскартуу менен таптакыр логикага сыйбаган иш кылып жатышат. Эмне үчүн жергиликтүү курултайларды жоюп салышты, эмне үчүн ыйгарым укуктарын кыскартууну көздөп жатышат? Бул аракетти эл менен бийликтин ортосундагы байланышты атайылап бузуу катары бааласа болот.

Эсиңерге сала кетейин, Элдик курултай бийликтин элдин чыныгы үчүн угуусу үчүн түзүлгөн, ал эми жер-жерлерде шайланган делегаттар аймактардагы иштин чыныгы абалы тууралуу сүйлөшүүгө, көйгөйлөрдү бөлүшүүгө жана аларды чечүү жолдорун сунуштоого мүмкүнчүлүк алышкан. Башкача айтканда, парламент аткара албай жаткан функцияларды курултай өзүнө алат.

- Курултайдын делегаттары Жогорку Кеңештин депутаттарынын аракетине каршы митинг уюштуруу тууралуу билдиришти. Бул канчалык олуттуу?

- Бирок ага жеткирүүнү каалабайм, бирок парламент бул акционердик коом, же алдын ала жазылуу менен баргыдай жабык клуб эмес да. Эгерде алар ресурстарга ээ болуу менен шайлоодо жеңип, парламентте бир нече мөөнөткө отура аларына ишенишсе, анда Курултай депутаттардын эл өкүлү катары толук ийгиликсиздигин көрсөтө алат. Анткени, алар аймактарда айына бир жолу, анда дагы отчет берүү үчүн гана барышат. Каалаган жарандан сураңыз, көйгөйлөрдү чечкен жана жарандар менен кабыл алынып жаткан мыйзамдарды талкуулаган райондун депутатын же партиянын лидерин качан көргөнүн. Сиз ушундай депутатты көргөнсүзбү?

Бищ Курултайдын делегаттары катары ар күнү жер-жерлерде болуп, жөнөкөй жарандардын арасында жашап, өзүбүздүн аймактагы көйгөйлөрдү билебиз. Демек, биз эл өкүлү катары Жогорку Кеңештин иш-аракеттерине бардык мыйзамдуу жолдор менен, анын ичинде митинг өткөрүү укугу менен да өз оюбузду, мамилебизди билдирүүгө укугубуз бар.

- Бул абалдан чыгуунун жолдорун айта аласызбы. Кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Мен депутаттарга Курултайга тоскоол болбой, тескерисинче анын калк менен түз байланышта болгон жарандык демилге институту катары өнүгүшүнө көмөктөшүүгө колдоо көрсөтүүгө кеңеш берет элем. Бул жигердүү жана жарандык коому бар күчтүү укуктук мамлекетти курууда пайдалуу болмок. Кыргызстанда эч ким элди саясий жашоодон обочолонто алган эмес, бул бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына да тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий