Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бекболот Токтогонов 98 кг жогоркулар арасында дүйнө чемпионатында алтын медаль алды.
Мындан сырткары, Дайырбек Карыяев 79 кг салмакта күжүрмөн самбо боюнча алтын, Феликс Уланбеков 71 кг салмакта күмүш, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.
Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түздү.
Пикир
Оставить комментарий