• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда тарых жана аскердик даңк залы ачылды

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда окуу жайдын 82 жылдыгына карата тарых жана аскердик даңк залынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана анын орун басарлары, УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, К.Үсөнбековдун жакындары, ошондой эле аскер институтунун өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын соңунда кызматында жана күжүрмөн даярдыкта жогорку денгээлди көрсөткөн аскер кызматчылары коргоо министринин жана Аскер институтунун башчысынын атынан сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий