• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Беларуста акысыз билим алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 6-мартка чейин узартылды

Билим 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Беларустун Кыргызстандагы элчилиги 2020-2021-окуу жылына карата магистратура программасы боюнча акысыз билим алуучулар үчүн документтерди кабыл алууну 6-мартка чейин узартты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Грант окууга кеткен чыгашаны камтыйт, стипендия берет.

Кыргызстандыктар магистратура программасы боюнча төмөнкү багыттарга документ тапшырса болот:

  • Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
  • Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.

Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:

Биринчисинде катышуучулар Беларусь элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:

  • элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз;
  • чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
  • билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
  • орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  • тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
  • окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
  • беларустук тегин аныктоочу документ (эгер болсо).

Документтер орус же беларусь тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.

Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Беларусь элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.

Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.

Белгилей кетсек, Беларусь өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга жалпы сегиз гранттык орун бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий