Бишкек, 24.01.21 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021/2022 окуу жылына карата Беларусь Республикасынын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу КР Билим берүу жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, документтерди 2021-жылдын 25-февралына чейин Беларустун Кыргызстандагы элчилигине тапшыруу керек.
Документтердин тизмеси:
Адистиктин аталышы (адистиги) |
|
Жогорку билим берүүнүн I баскычы / орундардын саны |
Жогорку билим берүүнүн II баскычы (магистратура) / орундардын саны |
"Маалыматтык тутумдар жана технологиялар" / 1 "Маалыматтык коопсуздук" / 2 "Жалпы медицина" / 1 "Айыл чарба процесстерин техникалык жактан камсыз кылуу"/ 2 |
"Электрондук тутумдар жана технологиялар" / 1 "Журналистика" / 1 "Китепкана жана маалымат ишмердүүлүгү " / 1 "Экология" / 1 "География" / 1 "Мамлекеттик башкаруу жана экономика" / 1 |
1. Беларустагы тандалган адистиктин жана окутуунун пайдасына жүйөлөрдү келтирүү менен окутууга кабыл алуу жөнүндө арыз (форма боюнча түзүлүшү зарыл (төмөндө караңыз);
2. Чет өлкөгө чыгуу документинин көчүрмөсү жана ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
3. Билим берүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (же жарандын студент экендигин тастыктаган, акыркы окуу жылындагы жана ушул жылдын бүтүргөн чейректери / семестрлери боюнча билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан тастыкталган бардык предметтер боюнча баалардын тизмеси);
4. Орус тилин билгендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;
5. Тандалган адистик боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык документтин көчүрмөсү жана ВИЧ-инфекциясы жок экендиги жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
6. Окуу жайынан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
7. Беларуссиялык ата тегин тастыктаган документтер (бар болсо);
8. Эгерде бар болсо: жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси жана көчүрмөлөрү, ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү, жүргүзгөн изилдөөлөр жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчеттор (эгер бар болсо), адистикке тапшыраарда биринчи профилдик тесттин предмети менен аныкталган академиялык предметтер боюнча эл аралык олимпиадалардагы жана (же) башка билим берүү иш-чараларындагы жетишкендиктерди (1, 2-орундарды) тастыктаган дипломдор (эгер бар болсо).
Тандоого катышууга билим берүү жөнүндө документтин орточо баллына (акыркы окуу жылындагы учурдагы аттестациясына ылайык) он баллдык шкала боюнча 7,5 баллдан төмөн (беш баллдык шкала боюнча – 4,3 баллдан төмөн) ээ болгон талапкерлер киргизилбейт .
Кыргыз тилинде түзүлгөн документтерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн орус же беларус тилдерине котормосу тиркелиши керек.
Байланыш телефону: 35 28 35
Пикир
Оставить комментарий