• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Белгиянын бир нече журналына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу макала чыкты

Коом 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтуу иштерине өзгөчө көңүлүн бурууда.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы жана маданий кооз жерлерине европалык жарандардын жана өнөктөштөрдүн көңүлүн буруу максатында "Кыргызстан – тоо сүйүүчүлөрүнүн жаңы багыты" аттуу макалалар Бельгиянын бир нече журналдарында жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды.

Макалада европалык саякатчылар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр чагылдырылып, аларга Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстанда унутулгус жаңы ачылыштар сунушталат.

Аталган макалалар элчиликтин колдоосу менен Борбор Азиянын тарыхы жана географиясы боюнча адистешкен тарыхчы жана айлана-чөйрө боюнча эксперт, Брюсселдеги Эркин университеттин экологиялык менеджмент жана жерди пайдаланууну пландоо институтунун илим кандидаты Дейра Сойсал тарабынан жазылды.

Бул макала менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышып, башкалар менен дагы бөлүшүүгө болот:

"Diplomatic world": https://www.diplomatic-world-institute.com/.../kyrgyzsta.../;

"Bruxelleskorner": https://www.bruxelleskorner.com/.../kirgizistan-dag...;

"AVRUPAPRESS": https://avrupapress.com/.../kirgizistan-dag-severler.../;

"BelTurk Haber": https://belturkhaber.be/.../kirgizistan-dag-severler-icin...;

"Bilimdili": https://bilimdili.com/.../kirgizistan-dag-severlerin.../...;

"YENIVATAN": https://yenivatan.be/kirgizistan-dag-severler-icin-yeni.../.

Пикир

Оставить комментарий