• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ата-энелер бала бакча, мектеп жана ЖОЖдун бюджеттерин көзөмөлдөй алышат

Коом 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) окуган балдардын ата-энелери аталган мекемелердин бюджетин көзөмөлдөй алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдын ичинде окугандардын автоматташтырылган маалыматтар топтому түзүлгөн, бүгүнкү күндө бул жараян аяктаган.

“Автоматташтырылган маалыматтардын топтому окугандардын бардыгы үчүн түзүлгөн: бала бакча тарбиялануучуларынан тарта ЖОЖдун студенттерине чейин. Учурда киргизилген кийинки этапта биз бюджеттин ачылышы боюнча иштейбиз”,-деп билдирди министр.

Ал түшүндүргөндөй, программанын экинчи этабын ишке ашыруу мугалимдердин айлык акысын, мекеменин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн отчету тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү кылганга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий