• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Исабаев Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Исабаев Санжар Мамадиярович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотун да судьялык кызматты аркалаган.

2018-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий