Алтынбек Кутманов Свердлов районунун башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Алтынбек Кутманов Бишкек мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы болуп дайындалды.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Аким президенттин 2021-жылдын 17-июнундагы № 266 “КР президентинин администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий