• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КР ТИМ башчысы БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн Баку шаарында өткөн.

Министр Кулубаев БУУ ЕЭКке Кыргызстанга көрсөтүп жаткан ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан стратегиялык документтерди, программаларды, экспортту өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, сооданы колдоочу институттардын (тармактык ассоциациялар, бизнес-кызмат көрсөтүүчүлөр) дареметин чыңдоодо боюнча БУУнун ЕЭКнын эксперттик колдоосунун улануусуна кызыкдар.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын кийим-кече жана айыл чарба продукцияларын экспорттоочуларын колдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоорлорго кызыкчылык билдирди.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерине токтолуп, аларды иш жүзүндө ишке ашырууга БУУ ЕЭКтен колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Ал өзгөчө көңүлдү бүткүл Кыргызстан боюнча жапырт жашылдандыруу боюнча мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашырууда комиссиянын мүмкүн болгон жардамына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий