• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Белгилүү инсандар кыргызстандыктарды жол эрежелерин так сактоого чакырды – ролик

Коом 0


Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы белгилүү инсандардын айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган кайрылууларын чагылдырган атайын тасманы даярдашты.

Ведомстводон маалымдашканда, анда ар тармактагы кесип ээлери жалпы айдоочуларды жол эрежесин сактоого, мыйзамдуулукту сыйлоого, жоопкерчиликтен качпоого, жол эрежелерин жаттоого, жаман жолго барбоого, өмүргө балта чаппоого, ыйман жолдон тайбоого, келечекке кайдигер болбоого жана бир келген кыска өмүрдө татыктуу жашап, жол кырсыгы жок өткөрүүгө чакырып, кайрылуу жасашты.

Белгиленгенде, ролик Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий