• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Арслан Койчиев: Чек арадагы чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдарбыз

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев кагылышуу орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу билдирүү жасап, элди сабырдуулукка чакырды.

"Урматтуу мекендештер!

Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачы күчтөрдүн кагылышуусу менен коштолгон окуялар эки элдин бир нече кылымдык жакшы коңшулаштык алакасын сыноого салды. Эки элдин ыймандуу жана аң-сезимдүү бөлүгү үчүн тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат, баарынан жогору турат. Бир нече жылга созулган жарандык согуштун азабын тарткан тажик эли муну жакшы түшүнөт жана байыркы тажик жеринде тынчтыктын орношуна өз салымын кошкон кыргыз элинин мээнетин унуткан жок деп ишенебиз. Ушул тапта чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуунун, сүйлөшүүлөр аркылуу мунасага келүүнүн бардык аракеттери көрүлүүдө. Тийиштүү мекемелер бир саамга да тыным албай, коопсуздукту сактоонун, чатактын андан-ары ырбап кетишине жол бербөөнүн тапшырмасын аткаруу менен алек.

Мамлекет башчыбыз айткандай, биз өзгөнүн жерине көз артпайбыз, бирок өзүбүздүкүн да бербейбиз. Мекен чегибизди коргоп калууга кудуретибиз жетет. Куралдуу күчтөрүбүздүн моралдык маанайы, жоокердик руху жогору. Ушул күндөрү элибиздин ынтымагы ширелип, патриоттук маанайы ойгонуп, оргуп турганы кубандырат. Жаштардын калың катарынын:"Баткенге барабыз!" деп күйүп-жанып жатышканын да жакшы түшүнөбүз.

Биз чек арадагы чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө, бир нече кылым бою жакшы коңшулаштыктын духунда жашап келген тажик эли менен достук мамилени сактап калууга кызыкдарбыз. Андыктан, мекендештерибизди улуу Орозо айында сабырдуулукка чакырабыз!".

Пикир

Оставить комментарий