Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 13...18;
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 16...21;
Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 16...21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17;
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17 градуска чейин көтөрүлөт.
Бүгүн Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 16...18 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий