• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Эртең, 4-октябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.

“Батыш-2” суу дарбазасында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө-профилактика жумуштарына байланыштуу темир жол линиясы жана Фучик, М.Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен кесилишкен райондо суу токтотулат. Анын ичинде:

- №31 орто мектеп, 13, 8, 2, №9 окуу-тарбия комплекси;

- №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 балдар бакчалары, Калык Акиев көчөсүндөгү №73 бала бакча, 51, №3 бала бакча;

- “Балдарды коргоо борбору”;

- “Арпа” ААК;

- “Ош базары” ЖЧК

- ”Берекет-Гранд”;

- “Берекет-Универсал”, “Берекет” соода комплекстери, “Берекет” ЖАК;

- Илимдер академиясы;

- Улуттук банк;

- №2 клиникалык төрөт үйү;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы;

- №1 шаардык клиникалык оорукана;

- Некрасов көчөсүндөгү Бишкекмелькомбинат;

-ВЧ-4 УГПС;

- Ленин райондук администрациясы;

- УПП-2 ОСиГ;

- Бишкек финансы-экономикалык академиясы;

- “Кыял” бирикмеси;

- Кыргызстан эл аралык университети;

- Батыш РЭС;

- Жаш Гвардия бульварындагы республикалык радиотелецентр;

- Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультети;

- Ленин райондук соту;

- №100 лицей;

-Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссия;

- Бөкөнбаев, 182 дарегиндеги кыргыз энциклопедиясы;

- “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы, №2 стоматология.

Пикир

Оставить комментарий