• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нью-Йоркто жашаган кыргызстандыктарга консулдук кызматтар көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев элчиликтин консулдук кызматкерлери менен 22-23-апрель күндөрү Нью-Йорк шаарына жумушчу иш сапары менен келет.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, сапарынын алкагында элчи Нью-Йоркто жашаган мекендештер менен жолугат, ал эми элчиликтин кызматкерлери консулдук кызматтарды (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар) көрсөтөт.

Элчилик кайсы бир документти алууга келердин алдында сөзсүз түрдө веб-сайтка баш багып кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, документтердин баарын топтоп алып келүүнү эскертет.

Дареги: 2899 Ocean Avenue, 2nd floor, Brooklyn, NY 11235

Убактысы: 22-апрель күнү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, 23-апрель күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

Элчилик консулдук тейлөө жана жолугушууга катышуу тууралуу +1(202)256-2924 телефон аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий