• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Россия жетекчилигинин так позициясы: Кыргызстандын президентинин айланасында биригүү – Акматалиев

Коом 0

Бишкек, 25.07.19 /Кабар/. Кечээ Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди кабыл алды. Жолугушуудан кийин Россиянын президенти учурда Кыргызстанга саясий туруктуулук жана эл учурдагы президенттин айланасында биригиши керектигин билдирген.

"Менин позициям белгилүү. Ага да (Атамбаевге) бул позициямды айттым. Кыргызстан – биздин өнөктөш, бизге жакын мамлекет. Кыргызстанда олуттуу ички саясий окуялар болду. Менимче, эми Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек", - деген Путин.

"Эгер мурдагы президент эл алдында эки революциянын авторумун деп айтканын эске алганда Россия лидеринин позициясы айкын болууда. Ал бул маселе боюнча анын позициясы белгилүү экенин жана ал өз позициясын Атамбаевге билдиргенин белгиледи", - дейт Акматалиев.

Эксперттин айтымында, Путин Кыргызстандагы туруктуулукту учурдагы президент С. Жээнбеков менен байланыштырып, мындан улам элди анын айланасына биригүүгө чакырууда.

Акматалиев белгилегендей, өлкөдө кезектеги чыр болушуна сырт жактан эч ким кызыкдар эмес.

"Кыргызстандын ичинде да, Атамбаевдин үзөңгүлөш жолдошторунан тышкары, өлкөдө болгон тынчтыкты бузууга кызыкдар реалдуу күчтөр жок", - дейт ал.

Акматалиев азыркы тапта баары тынчтанып, өлкөдөгү маселелерди чечүүгө киришүү керектигин айтат.

"Бул биздин мамлекет экенин эстесек жакшы болмок. Андагы маселелерди бирдикте чечишибиз зарыл", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий