Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү окумуштуу Токтосун Аширбаев агайдын 70 жылдык маарекеси Ош мамлекеттик университетинде 20-сентябрь күнү белгиленди. Токтосун агайдын көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок.
Маарекелик кечени ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков алып барды жана Токтосун агай жөнүндө жазган “Сөзгө айланган агай жөнүндө сөз” эскерүү макаласында жазылган агайдын адамдык асыл сапаттары, илимдеги жолу, устат катары улуулугу, чыныгы кесипкөй инсан экендиги, анын экинчи өмүрү жашап жаткандыгы тууралуу сүйлөдү.
“Токтосун агай кыргыз сөзүнүн маани-маңызын, касиетин, сырын иликтеди. Кыргыз тилине өмүрүн арнады. Ар бир сөздүн, тыбыштын түбүндө жатып изилдеген окумуштуу болчу. Сөзгө өмүрүн арнап, эми өзү да Сөзгө айланып кетти. Ал эми Сөз өлбөс нерсе. Анткени баарынан мурда Сөз болгон. Агай тууралуу артында жакшы Сөз калды. Мындан өткөн түбөлүктүүлүк барбы”,-деп сөзүн жыйынтыктады.
Кечеде маареке ээси тууралуу замандаштары, окумуштуулар баяндамаларды жасаса, Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Өзгөнбай Эсенбаев баштаган айылдык кеңештин өкүлдөрү, жакын санаалаштары, достору, туугандары, кесиптештери, шакирттери агай белгилүү окумуштуу, өз кесибинин мыктысы, кыргыз тилинин күйөрманы, үлгүлүү устат, мыкты агартуучу, ак көңүл, таланттуу, мээнеткеч инсан экендигин айтып эскеришти.
Кыргыз тилинин күйөрманы, патриот инсан катары Токтосун Аширбаев илим багытында эбегейсиз эмгектерди жасаган. Мындан улам 100гө жакын илимий-усулдук жана тарбиялык темадагы макалары, 1 монографиясы менен 23 окуу китеби жарыкка чыккан. Агайдан билим алып, жолун жолдогон шакирттери да арбын. Окумуштуунун талыкпаган илимий изилдөөлөрүнүн негизинде жаралган эмгектерин бардык жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана орто мектептин мугалимдери, окуучулары пайдаланып келет.
Токтосун Аширбаев 1948-жылдын 15-январында Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1965-жылы А.С.Пушкин атындагы орто мектепти аяктап, Бишкектеги (мурунку Фрунзе) Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна тапшырып, 3 айдан кийин ден соолугуна байланыштуу окуусун таштоого туура келет. 1966-1967-жылдары Кыргыз ССРинин статистика мектебин бүтүрүп, өнөр жай эсепчиси деген кесипке ээ болот.
1967-1970-жылдары Крым облусунда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырган.
1974-1979-жылдары өзү окуп бүтүргөн А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. Кийин профессор Жээналы Шериевдин чакыруусу менен кыргыз филологиясы факультетине келип, кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында окутуучу болуп ишмердүүлүгүн баштаган.
1990-жылы филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаеванын илимий жетекчилигинде «Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын тили» деген аталышта кандидаттык диссертациясын, 2001-жылы «Тилдин фонетикалык жана лексикалык бирдиктеринин стилистикалык табияты» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Пикир
Оставить комментарий