• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын финансы кызматкерлери тажрыйба алмашууда

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын Финансы министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында тажрыйба алмашууга багытталган семинар өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,семинардын алкагында россиялык финансисттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бюджеттин киреше бөлүгүндө салык секторун жакшыртуу, бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын киргизүү, социалдык коргоо, жашыл каржылоонун ченемдик укуктук базасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык потенциал сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Россиянын Финансы министрлигинин кызматкери М.Николаев финансылык менеджменттин стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун стандарттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады.

Семинарга КР Финансы министрлигинин кызматкерлери менен бирге Россиянын башка спикерлери да катышууда.

Пикир

Оставить комментарий