• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарада Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов облустагы ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Илияз Иманбетов өз ишинде күжүрмөн эмгегин көрсөтүп келген бир катар медицина кызматкерлерин Ысык-Көл облусунун эмгек каарманы наамы, ардак грамота жана алкыш баракчалары менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий