Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Бишкекте 24нөн 29-июнь күндөрү СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, КРнын эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган Республикалык Х театр фестивалы болот. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Региондорду өнүктүрүү жылына карата, бардык аймактардан келген театрлардын оюн-зоокторунун катышуусунда өтөт.
Фестивалдын максаты -кыргыз элинин залкар инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу, театр ишмердүүлүгүнүн көркөмдүк деңгээлин көтөрүү.
Пикир
Оставить комментарий