• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Берлинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Берлин шаарында менен Кыргызстандын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган кече болуп өттү.

Кыргызстандын Германиядагы элчисинен билдиришкендей, кече «Go East Generation e.V.», «Герман-Орус фестивалы» немис коомдору жана «Abacus» мейманканасынын жетекчилиги менен биргеликте уюштурулду.

Кеченин жүрүшүндө Сабина Гешке 2023-жылы Кыргызстанга жасаган туристтик сапарынын жыйынтыгы боюнча даярдаган “Чыңгыз Айтматовдун изи менен” видеофильми көрсөтүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан 1969-жылы режиссёр Ирина Поплавская жана 1994-жылы немис режиссёру Моника Тойбер тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде тартылган эки тасмадан кыска сюжет көрсөтүлдү.

Элчиликтин кеңешчиси Айнура Турсумбаева өз сөзүндө кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларына кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгына жана Кыргызстанга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчилик тарабынан Кыргызстан тууралуу чакан сүрөт көргөзмө уюштурулуп, мекендешибиз Исида Саматтын аткаруусунда кыргыздын улуттук күүлөрү коштолгон музыкалык номерлер тартууланды. Кеченин конокторуна Кыргызстан тууралуу видеофильм көрсөтүлдү жана өлкө тууралуу туристтик брошюралар таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий