• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасманын сценарийине кайрадан сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасманын сценарийине сынак кайрадан жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты — кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында мекенчил ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.

Сынак 2 этапта өткөрүлөт:

1-этап: 2022-жылдын 1-сентябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;
2-этап: 2022-жылдын 31-сентябрына чейин сынактын жеңүүчүсү аныкталат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү толук сценардык пакет тапшырылышы керек:
- тасманын сценарийи,
- автордун резюмеси жана фильмографиясы.

Көркөм тасманын сценарийинде оригиналдуу сюжети, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүү болуусу керек. Сынакка катышууга негиз болуп сценардык пакетке толтурулган “Сынактык билдирме” болуп саналат. Сынактык билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:

- үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;
- баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, курал-жарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;
- конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;
- согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;
- улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;
- улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөө;
- порнографиялык мазмундагы сценалар;
- ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.

Сынакка катышуучулар сынактык билдирмелерди беш нускада жана электрондук формат менен тапшырышат. Сынактык билдирменин кагаз түрүндөгү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.

Сынактык билдирме конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:

- катышуучунун аты-жөнү (толук);
- электрондук дареги;
- байланыш телефондору.

Пикир

Оставить комментарий