• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкекте дүйнөлүк балет жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт

Маданият 0


Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Эртең, 5-майда саат 19:00дө Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында дүйнөлүк масштабдагы балет жылдыздарынын катышуусунда “Дүйнөлүк балеттин шедеврлери” аталышындагы чоң гала-концерт өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев билдирди.

“Бул биздин балеттин алдыңкы солистти Атабек Садыркуловдун экинчи долбоору болуп саналат. Ал чет элден аты чыккан бийчилерди Кыргызстанга чакырып, гала-концерт койгону турат. Ошондуктан бардык каалоочуларды алдыдагы иш-чарага чакырып кетет элем”, - дейт ал.

Гала-концерттин уюштуруучусу, балет бийчиси Атабек Садыркулов иш-чарага даярдык жогорку деңгээлде болуп, эки айдан бери репетиция жасап келгенин айтты.

“Эртең Япония, Казакстан, Россиянын солисттеринин жергиликтүү балет бийчилери менен биргелешкен концерти болот. Бардык ири театр бийлерине катышкан, дүйнөлүк жылдыз, казакстандык балет артисти Бактияр Адамжан дагы келип, өз өнөрүн тартуулайт. Фарух Садыркулов дагы сахнага чыгат. Концерттин өзгөчөлүгү – белгилүү балет көргөзмөлөрүн дүйнөлүк жылдыздар тартуулашат”, - деди ал.

Алматы шаарындагы Абай атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солистти Ариса Хашимото Бишкекке үчүнчү ирет келип жатканына токтолду.

“Биринчи жолу 2018-жылы, экинчиси 2022-жылы болсо, азыр дагы келип отурам. Бишкектеги театрдын сахнасында бийлөө мага абдан жагат, көрүүчүлөр дагы колдоп, искусствону баалап турушат. Бул долбоорго экинчи жолу катышып жатам. Мени Атабек Садыркулов чакырды, ал үчүн ыраазчылык билдирип кетем”, - деди Ариса Хашимото.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистти Мэгуми Мацумото Пермдеги хореографиялык окуу жайда окуп, андан кийин Москвадагы сахнадан Садыркулов менен таанышып калганын маалымдады.

“Биз чогуу иштеп калдык. Атабек мени Бишкекке чакырган, мага театр жагып, бул жакта калып калдым. Эртеңки концертте “Дон Кихот” балетинен Гран па тартуулайм”, - деди балет бийчиси.

Пикир

Оставить комментарий