• 87
  • 90.41
  • 0.84

Берлинде элчи Текебаев “Батыш-Чыгыш жолугушуулары” фондунун жетекчилиги менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Батыш-Чыгыш жолугушуулары” фондунун башкармалыгынын төрайымы Елена Хоффман жана аталган фонддун аткаруучу директору Анна Кайзер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданияттар аралык билим берүүнү колдоого, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланышты жана компетенттүүлүктү тереңдетүүгө, ошондой эле жарандык коом институтун бекемдөөгө багытталган “Батыш-Чыгыш жолугушуулары” фондунун ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Мынтан тышкары, тараптар окуу жайлардын ортосунда немис тилин окутуу, ошондой эле миграция маселелери жана эки өлкөнүн жарандык коомдорунун өз ара аракеттенүүсү жаатында биргелешкен жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий