• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Аширов: Эксперттер пандемиянын башталышында эле азык-түлүккө баанын көтөрүлөрүн айтышкан

Коом 0

Пандемия башталгандан бери көптөгөн азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Бул пандемиянын башындагы суроо-талаптын өсүшүнө жана логистика көйгөйүнө байланыштуу. Пандемия күч алган кезде азык-түлүк менен катар медициналык каражаттардын баасы дагы кымбаттады. Бирок, кандайдыр бир жол менен абалды жөнгө салуу зарыл. “Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүктүн баасын турукташтыруудагы өз ара аракеттери” конференциясынын журүшүндө эксперттер көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоону чечишти, ал “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюштурулган.

Бизнес жаатындагы эксперт Жами Аширов түзүлгөн кырдаал боюнча пикири менен бөлүштү.

“ЕАЭБге кирүү менен Беларуссия катуу мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзүп, Казакстан менен Россия дагы базар экономикасына олуттуу кийлигишип жатышып Кыргызстан ошол агым менен бара жатат, ошондуктан бул багытта кандайдыр бир жылыштар болушу мүмкүн эмес. Эксперттер пандемиянын алгачкы күндөрүнөн баштап эле азык-түлүктүн кымбаттай турганын, кампаларды толтуруу керектигин айтышкан, бирок ал ишке ашкан жок, бир гана Россиянын жардамы менен биз дагы деле болсо кармап жатабыз”, - деди ал.

Аширов азыркы учурда министрликтердеги болуп жаткан башаламандыкка, андагы орун бөлүштүрүүлөргө, ким эмнеге жооптуу экени белгисиз болуп турган абалга көңүл буруу менен азырынча жакшы нерсе күтүүгө негиз жок деди. “Ишкердик капиталды чыгарып, өндүрүш ишканаларын коңшу өлкөлөргө көчүрө баштады, анткени мүмкүнчүлүктүү пайдадан азыркы тобокелдиктер ашып өтөт. Дүйнө жүзүндө азыр каатчылык болуп жатат, бирок өлкө көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда, Кыргызстан агым менен бара жатат, бизди кайдадыр бир жакка алып барат деп үмүттөнөбүз. Казакстан же Россиядагыдай бизнеске кандайдыр бир жеңилдиктерди берүүгө биздин өлкөдө каржылык мүмкүнчүлүктөр жок, бирок биздин мамлекет жеткиликтүү механизмдерди колдонсо болот. Мисалы, биринчи зарылдыктагы азык-түлүккө салыкты жокко чыгаруу сыяктуу механизмдер”,-деди эксперт.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий