• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Беш өлкөнүн Бажы кызматтарынын жетекчилери Ташкентте жолукту. Талкууланган маселелер

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында Бажы органдарынын башчыларынын 9-отуруму жана Түрк мамлекеттеринин уюмдарынын Бажы кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун 12-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР МБКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараларга Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын бажы органдарынын жетекчилери жана Түрк мамлекеттеринин уюмуна байкоочу мамлекеттердин жетекчилери, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын делегацияларынын башка катышуучулары катышты.

Түрк мамлекеттеринин Бажы администрацияларынын башчыларынын 9-отурумунда заманбап санариптик инструменттерди (“e-TIR”, “e-Permit” жана “e- CMR») колдонуу аркылуу транспорттук жана транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн жолдору талкууланды.

Ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташып, биргелешкен семинарларды уюштуруунун, бул демилгени Өзбекстанга жана Түркмөнстанга келечекте жайылтуу менен «Жибек жолу демилгеси» жана «Каравансарай» долбоорлорун улантуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле 2022-жылдын 11-ноябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосундагы жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну мындан ары ишке ашыруу маселеси да талкууланды.

Жыйында кабыл алынган макулдашуулар Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын кызматташтыгынын жана практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий