• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

“Манас” Эл аралык аэропорту жыл башынан бери 1 млн 72 миң адамды тейледи

Коом 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропорту” ААК 2018-жылдын 4 айында 1 млн. 72 миң 347 жүргүнчүнү тейлеген. Алардын ичинен ички линия боюнча – 401 миң 291 адам, эл аралык линия боюнча – 671 миң 056 адам.

Ошондой эле 9 миң 610 каттам тейленди. Эл аралык багыт боюнча – 6 миң 238, ички багыт боюнча каттамдардын саны 3 миң 372ни түздү.

“МЭА” ААКтын өзүнчө кеңселери боюнча:

- “МЭА” ААКтын Бишкек кеңсеси – 6 миң 379 каттам, жүргүнчүлөр 627 миң 694 адам;

- “МЭА” ААКтын Ош кеңсеси – 3 миң 216 каттам, жүргүнчүлөр 444 миң 608 адам;

- “МЭА” ААКтын Каракол филиалы - 224 каттам, жүргүнчүлөр 9 миң 192 адам;

- “МЭА” ААКтын Ысык-Көл кеңсеси – 16 каттам, жүргүнчүлөрдүн саны 45 адам.

Пикир

Оставить комментарий