Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 20-26.05.2018

Аналитика 0

Электр энергиясын үнөмдөштү. 2018-жылдын апрель айында “Чыгышэлектр” ААКсы дээрлик 102 млн. кВт электр энергиясын саткан. Аны менен бирге Ысык-Көл жана Нарын облусунун колдонуучулары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу электр энергиясын 10,1 млн. кВт аз колдонушкан.

Колдонулган электр энергиясы үчүн апрель айында 161,4 млн. сом чогултулган, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2 млн. сомго жана 15,3% көп.

“Чыгышэлектр” ААКнын жалпы дебитордук карызы үстүбүздөгү жылдын апрель айында 30,3 млн.сомго төмөндөгөн, аны менен катар өнөр-жай ишканалары боюнча төмөндөө 14,0 млн. сомду түзгөн. Калк арасында анын көрсөткүчү 10,0 млн. сом, бюджеттик уюмдар арасында 3,7 млн. сом. Бардыгы болуп бюджеттик уюмдар боюнча дебитордук карыз 70,3 млн.сомду түзөт.

Бааны түзүү. Сүт продукцияларынын баасын түзүүнүн жөндөө механизмин иштеп чыгуу зарыл. Өкмөт экономика министри Олег Панкратов Талас облусунун майда сүт продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн кайрылуулары каралган жумушчу кеңешмеде билдиргендей, сүттү сатып алгандар калктан төмөн баада алышууда, ошол эле учурда чарбалар сүттү рыноктук баага ылайык сатышат. Ал тармактык бөлүктөргө Талас облусу боюнча гана эмес, башка облустар боюнча дагы учурдагы абалга мониторинг жасоону тапшырды.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча маселени кантип чечүү боюнча сунуш иштелип чыгат. Муктаждык болгон кезде ишке Мамлекеттик монополияга каршы кызмат жана башка тиешелүү ведомство менен түзүмдөр тартылат.

Баалардын өсүшү талашсыз. Жакынкы айда Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасынын кымбатташы күтүлүп, баа түрүнө жараша 10% тегерегинде жогорулайт. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-апрель айлары аралыгында республикага 325,8 миң тонна нефт продуктусу импорттолгон, анын ичинен бензин – 160,6 миң тонна, күйүүчү май - 165,2 миң тонна. Өлкөдө орточо эсеп менен январь-апрелде бензин 0,75 сомго (1,9%) кымбаттаган, ал эми күйүүчү майдын орточо баасы 2 сомго (5%) жогорулаган.

Күйүүчү майга болгон чекене баанын өсүүсү Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттаган. Мындай көрүнүш 2018-жылдын май айынын ортосунда кескин тездеген. Эгерде январдан апрелге чейин Россия базарларында жалпысынан баалар 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кеткен.

БАЭ инвестицияга үмүт менен. Өткөн жумада Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БЭА) Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чыңгыз Эшимбеков менен БАЭнын Эл аралык инвестициялык кеңешинин Башкы катчысы Жамал Саиф Аль Жарван жолугуп, кызматташуу тууралуу долбоорлор талкууланды. Кыргызстандын инвестициялык ишмердүүлүгүндөгү келечектүү багыт катары айыл-чарба, тоо-кен өнөр жайы, энергетика жана туризм көрсөтүлдү.

БАЭнын эл аралык инвестициялык кеңеши мамлекеттик мекеме болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү Эмират инвесторлорунун чет жактагы инвестициялык активдүүлүгүнө көмөк көрсөтөт. Кеңеш БАЭнын мамлекеттик орган жана ири бизнес өкүлдөрүнөн турат.

Бизнестеги медиация. Кыргызстандын бизнес жана банк секторунун өкүлдөрү медиациянын негиздерин үйрөнүштү. Ал ишкерлерге пайда болгон талаш-тартыштарды бат чечип, сотторго жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Укук өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ЕРӨБ жана IDLO долбоорунун алкагында эл аралык машыктыруучуларды тартуу менен Кыргызстанда бир катар окутуу семинарларын өткөрдү, Бишкекте 14нөн 17-май күндөрү өткөн.

“Сотторду азайтып, бизнеске жараянды кечеңдетпестен пикир-келишпестиктерди кызматташуу аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берүү керек,-деп билдирди "Зергерлер жана ишкерлер" союзунун президенти Сталбек Акматов, - ошондуктан медиациянын өнүгүүсү абдан маанилүү – анткени бизнесте убакыт – бул акча”.

Салык чогултуу боюнча баары жайында. 2018-жылдын январь-апрель ай аралыгында КР Мамлекеттик салык кызматы 24 млрд 550,8 млн сом салыктар жана төлөмдөрдү чогулткан. Коюлган план 101,7 % аткарылып, 406,3 млн сомго ашыгы менен жыйналган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд 211,5 млн сомго же 9,9% жогорулаган. Аны менен бирге МСКнын башчысы К.Кулматов кызматынан гана бошотулбастан, ага карата коррупция боюнча кылмыш иши козгошту.

Ипотекада коңшулардын тажрыйбасы. Кыргызстандын “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ААКсы жана “Казакстандын туракжайкурулушсбербанк” АК кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту. Күтүлүп жаткандай, бул келишим тажрыйба алмашуу жана ипотекалык базарды өнүктүрүү гана эмес Кыргызстанда турак-жай куруу сактоолордун системасын калыптандыруу жана өнүктүрүүгө өз салымын кошот.

Веб-камералар жардамга. КР Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын “Бирдиктүү терезесинде” күбөлүктөрдү жана документтерди берүү маалында веб-камераларды колдоно башташты.

Фискалдык орган жаңы техникалык саамалыкты ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринен товарларды импорттоо үчүн маалымдама жана салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо жөнүндө документтерди берүүнү көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү максатында колдонууга ниеттенүүдө.

Бюджет кызматкерлери ипотекасыз калышты. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча бюджеттик тармакта эмгектенген кызматкерлер үчүн каражаттарды берүү убактылуу токтотулду. Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айтуусунда, бул мурда бөлүнгөн 500 млн. сом көлөмүндөгү каражат толугу менен сарпталгандыгына байланыштуу.

“Каражаттарды кошумча бере баштоо үчүн Өкмөт буйрук чыгарып, Жогорку Кеңештин макулдугунан өтүшү керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканы 3,8 миң адам алды”, - деп түшүндүрдү ал.

"Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий