• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий