• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте батирди канчага сатып алса болот – райондор боюнча мониторинг

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бишкекте 2023-жылдын 11 айында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу батирлердин чарчы метринин баасы 19,3% кымбаттаган. Бул тууралуу Жер ресурстары кызматы билдирет.

Адистердин маалыматына караганда, талдоо жүргүзүлгөн мезгилде Бишкекте 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин чарчы метри 22%га, 105-сериядагы 25,9%га, 308-сериядагы 26,7%га жана жеке типтеги батирлер 5,6%га кымбаттаган.

104-сериядагы эки бөлмөлүү батир 23,5%га, 105-сериядагы 22,5%га, 308-сериядагы 23,6%га, жеке типтеги батирлердин баасы болсо 11,1 пайызга өскөн.

Ал эми 104-сериядагы үч бөлмөлүү батир 18,1%га, 105-сериядагы 24,4%, 308-сериядагы 18,1%, жеке типтеги батирлер 7,1%га кымбаттаган. Жеке типтеги төрт бөлмөлүү батирдин баасы 13,9 пайызга жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий