• 87
  • 90.41
  • 0.84

Беш офицер генерал наамынан ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы беш кызматкери генералдык наамынан ажыратылды. "Кабар" агенттигине маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Атап айтканда:

Алмазбек Орозалиев милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды;

Мирлан Каниметов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;

Малик Нурдинов милициянын генерал-майору наамынан ажыратылды ;

Талантбек Салиев генерал-майор наамынан ажыратылды;

Санжарбек Эркинбаев генерал-майор наамынан ажыратылды.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий