• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте расмий иш-чаралар учурунда 4 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бишкекте расмий иш-чаралар учурунда 4 миңге жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

" Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий